МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду.

Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган.

Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз каражатынан ажырап калышына, шылуундуктун түрлөрүнүн көбөйүшүнө, социалдык көз карандылыкка, кылмыштуу жол менен тапкан каражаттарды адалдоого шарт түзөрү белгиленген.

Мыйзам долбооруна ылайык, бинардык опциондоруна кумар оюну деген аныктама берилип, эми бул ишмердүүлүктү жүргүзүүгө, аны жарнамалоого жана ортодо ортомчулук кылуу үчүн акча же криптовалюта алууга тыюу салынат. Буга байланыштуу интернет провайдерлери жана банктар алардын ишмердиги жүргөн сайттарды жана акча которууларды бөгөттөшү керек болот.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине 219.2-беренеси (Лотереяны мыйзамсыз уюштуруу жана өткөрүү) кошуу сунушталууда. Ага ылайык, интернетте мыйзамсыз лотерея уюштурууда жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып каралган. Эгерде ушул кылмыш уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан, балдарды тартуу менен жасалган болсо, 3-5 жылдык абак жазасы кирет.

Долбоордо жарандардан лотерея үчүн кошумча акы албай, товар же кызмат үчүн акысыз билет берип, белегин өз эсебинен каржылаган ишмердикке тыюу салынбай турганы жазылган.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 2022-2025-жылдары мыйзамсыз лотерея ишмердиги боюнча укук коргоо органдарына 29 фактыны кабарлаган жана уюштуруучуларга 28 билдирүү берген.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

11-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейдде 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, рейдди министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзгөн. Адистердин айтымында, мындай торлор көлдөгү жаныбарлар дүйнөсүнө, балыктардын

Ишкер Media
Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

10-октябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жумушчу тобунун 15-жыйыны болуп өттү. Жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өкүлдөрү бажы кызматтарынын жетекчилери катышышты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, тараптар сооданы жана адамдардын жүрүүсүн жеңилдетүү, анын ичинде өткөрүү пункттарында “Бирдиктүү терезе” жана “Бирдиктүү аялдама” механизмдерин

Ишкер Media
Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев катышты. Буга чейин борбор Бишкекте иштеп келген. Эми шаар мэриясынын демилгеси менен Ошто да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Борбор

Ишкер Media
Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкор темир жол станциясында биринчи жолу Бишкек жылуулук электр борбору үчүн көмүр жөнөтүлө баштады. Кече Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн 15 вагондон турган жалпы салмагы 1000 тоннаны түзгөн көмүр Бишкек шаарында жайгашкан Аламүдүн темир жол бекетине келип түшкөн. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган бекетте Бишкек

Ишкер Media