USAID Аравандагы тигүү фабрикасынын ачылышына колдоо көрсөттү

USAID Аравандагы тигүү фабрикасынын ачылышына колдоо көрсөттү

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Аравандагы Pasadena Moda жаңы тигүү фабрикасына жабдууларды алып берди. Эми фабрикада күнүнө 40 миң даанага чейин эркектердин, аялдардын жана балдардын кийимдери чыгарылат. Бул тууралуу АКШнын КРдагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

АКШ өкмөтү өнөктөштүк фабрикага 100дөн ашык адамды, негизинен жергиликтүү аялдарды жумуш менен камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Жабдууларды тапшыруу аземи АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана Араван районунун акими Сейтек Кулубаев катышуусу менен өттү.

Соната Коултер өз сөзүндө бул тигүү фабрикасы КРдагы АКШ
тарабынан колдоого алынган көптөгөн ишканалардын бири экендигин белгиледи.

“Акыркы төрт жылдын ичинде эле биз Кыргызстандагы 120дан ашык ишкананын өнүгүшүнө, сатуунун көлөмүн көбөйтүшүнө, жаңы рынокторго чыгуусуна жана эң негизгиси миңден ашык туруктуу жана сезондук жаңы жумуш орундарын түзүшүнө
жардам бердик”, – деди ал.

Pasadena Moda USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында оверлок, капкак тигүүчү, түз сызык жана башка тигүү машиналарын алды. Жакынкы үч жылда компания кеңейтүүнү жана дагы 500гө чейин адамды жумушка алууну пландаштырууда.

“Ишкана миграция агымын азайтууга таасирдүү салымын кошуп, бир канча мекендештерибизге, өзгөчө эже карындаштарыбызга, үй-бүлөлөрү менен мекенинде жашап-иштеп, татыктуу өмүр сүрүүсунө себеп”, – деди ишкананын ээси Азимкул Жолдубаев.

  • Pasadena Moda – КРдагы белгилүү компания. Башында компания
    ички рынокто гана иштесе, азыр коңшулаш өлкөлөр боюнча ири соода түйүндөрүнө жана супермаркеттерге заказдарды аткарат. Pasadena Moda’нын трикотаж буюмдары эл аралык сапат стандарттарына сертификацияланган.
  • USAID текстиль, тамак-аш өндүрүшү, айыл чарба, IT, финансы жана башка тармактарда чакан жана орто ишканалар менен иштешип, аларга өндүрүштү кеңейтүүгө, экспортко жарамдуу болуу үчүн эл аралык стандарттарына жооп берүүгө жана КРда көбүрөөк жумуш орундарын түзүүгө жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына