Нью-Йоркто Борбор Азия - АКШ Эл аралык IT форуму өттү

Нью-Йоркто Борбор Азия - АКШ Эл аралык IT форуму өттү

Кечээ, 13-сентябрда Нью-Йоркто Борбор Азия – АКШ эл аралык IT форуму болуп өттү. Бул тууралуу КРнын АКШдагы Элчилиги билдирди.

«Борбор Азия-санариптик өнүгүүнүн кезектеги багыты» деген аталыштагы форумга АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер, Кыргызстандын АКШдагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Аманбаев, Өзбекстандын БУУдагы жетекчисинин башчысы Бактияр Ибрагимов жана бир катар IT тармагындагы компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

“Жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын эң алдыңкы IT компаниялары жана бир катар америкалык алдыңкы эл аралык компания өкүлдөрү катышышып өз ишмердүүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Форумда Борбордук Азияда бирдиктүү бир IT базарын уюштуруу, эл аралык рынокторго чыгуунун жолдору, өз ара тажрыйба алмашуу, адистерди окутуу сыяктуу маселелер талкууланды”, – деп билдиришти элчиликтен.

Жыйынды Кынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев ачып, сөз сүйлөдү. Аманбаев учурда дүйнө калкынын жашоосунун токсон тогуз пайызы IT технологиясы менен тыгыз байланыш экендигин айтып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн IT тармагындагы адистери биргелишип Евразия континентинде бирдиктүү бир санарип базарын түзүүгө жетишүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар деген оюн ортого салды.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер өз сөзүндө IT индустриясы дүйнө жүзү боюна өнүгүп жаткандыгын белгилеп, АКШ бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн бул жааттагы биргелешкен аракеттерин ар тараптуу колдоого алаарын маалымдады.

Жыйындын катышуучулары өз ишмердүүлүктөрү тууралуу маалымат беришип мамлекеттер аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүү аркылуу, аянтчалардын тиркемелерин иштеп чыгуу менен дүйнөлүк онлайн соода базарына кеңири жол ачуу тууралуу баяндама жасашты. Аталган иш-чара Кыргызстандын АКШдагы элчилиги, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы жана Кыргыз-Америка ассоциациясы тарабынан биргелешип уюштурулган.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев "Кыргызфильм" киностудиясынын имаратындагы жана ага чектеш аймактагы чарбалык корпустарда жүрүп жаткан оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Иштердин жүрүшү тууралуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков жана "Кыргызфильм" киностудиясынын жетекчиси Максат Жумаев маалымат беришти. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, учурда

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарындагы №61 жалпы билим берүүчү орто мектепке чектеш жайгашкан 14 кабаттуу турак жай объектисинде курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суерекулов билдирүүсүнө караганда, бул объектиде курулуш иштери буга чейин токтотулган. Бүгүнкү