Аэропорттун тегереги жана Баткен шаарындагы кээ бир имараттар күйүп жатат
Баткен аэропортунун айланасы жана шаардын четиндеги объектилер куйүп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы жарандык инфраструктуралык объектилер өрттөнүүдө.
Белгилей кетсек, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Чек ара кызматы эртең менен Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылай баштаганын кабарлады.