Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан дагы 13 киши ооруканага түштү - жалпы 31 адам
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан дагы 13 киши жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги саат 13:00гө карата билдирди.
“Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды. Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерек берилет”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле министрлик ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар экенин кошумчалады.