Кыргыз-Беларусь бизнес форумунда 900 миң долларлык ондон ашык келишимге кол коюлду
Кыргыз-Беларусь бизнес форумунда 900 миң долларлык ондон ашык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, форум соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь комиссиясынын 10-жыйынынын алкагында өттү. КРдан делегацияны минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Беларусь тараптан премьер-министрдин орун басары Анатолий Сивак жетектешти.
Форумга кыргыз тараптан «Кыргызиндустрия» ААК, «Альянс Алтын» ЖЧК, Кыргызстандын агробизнесмендеринин «Жер Азыгы» Ассоциациясы, “Холдинг Композит Групп”, «Автомаш» Радиатор ЖЧК, “Маткасымов” ЖЧК сыяктуу алдыңкы компаниялар жана банк секторунун, медицинанын, курулуштун, тигүү жана башка тармактардын өкүлдөрү катышышты.
Беларустан машина куруу өнөр жайынын негизги тармактарынан “МАЗ” ААК, «Гомсельмаш» ААК, “Минск мотор заводу”, “Минск трактор заводу”, «Бобруйскагромаш» ААК, «Могилевлифтмаш» ААК ишканалары жана медицина, тамак-аш өнөр жайы сыяктуу башка тармактардын өкүлдөрү катышты.
Панелдик талкуудан кийин катышуучуларга соода мамилелерин кеңейтүү жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү үчүн B2B форматында баарлашуу мүмкүнчүлүгү берилди.
Кыргыз-Беларусь бизнес-форуму 15-16-сентябрда соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Беларусь өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумунун алкагында жана «Түштүк Экспо-2022» Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеге (15-17-сентябрь) карата Ош шаарында өттү.




