«МЭА» ААК: «Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болгон жок

«МЭА» ААК: «Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болгон жок

«Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болгон жок. Бул тууралуу «МЭА» ААК билдирди.

«Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Эске салсак, «Баткен» аэропорту аэродромунун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу жабылган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы Тажикстандын “Ляккан” жана “Богдари” чек ара заставаларына сокку урулуп, ири көлөмдөгү оор техникасы жок кылынганын кабарлады.

Маалыматта тажик тарап чек арада жайгашкан айылдарынан ок чыгарып жатканы, муну менен Кыргызстандын чек арачыларын жооп кайтарууга аргасыз кылып жатканы айтылат. УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан кармашты улантып жатат. Кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша жооп кылган маневрларды колдонуп, каршылаш тараптын аткылоосун токтотууга аргасыз кылуу үчүн заманбап техникаларды колдонууда.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев "Кыргызфильм" киностудиясынын имаратындагы жана ага чектеш аймактагы чарбалык корпустарда жүрүп жаткан оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Иштердин жүрүшү тууралуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков жана "Кыргызфильм" киностудиясынын жетекчиси Максат Жумаев маалымат беришти. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, учурда

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарындагы №61 жалпы билим берүүчү орто мектепке чектеш жайгашкан 14 кабаттуу турак жай объектисинде курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суерекулов билдирүүсүнө караганда, бул объектиде курулуш иштери буга чейин токтотулган. Бүгүнкү