Президенттик аппарат жана Садыр Жапаров Баткендеги согуштук аракеттерге бир суткадан бери реакция кыла элек

Президенттик аппарат жана Садыр Жапаров Баткендеги согуштук аракеттерге бир суткадан бери реакция кыла элек

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу боюнча алгачкы маалыматтар 15-сентябрдан тарта түшө баштаган. 16-сентябрга караган түнү жаңжал күчөгөн. Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундарын эвакуациялоо иштери жүрүүдө.

Бирок президенттик аппарат жана мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун өзү азыркы кырдаалга дагы эле эч нерсе деген жок.

Эске салсак, Садыр Жапаров азыр Самаркандда иш сапары менен жүрөт жана ал жерде ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны өтүп жатат. Анда тажик лидери Эмомали Рахмон да бар.

Мамлекет башчынын расмий сайтында президент Кытай, Россия, Өзбекстан, Иран жана Пакистан сыяктуу өлкөлөрдүн жетекчилиги менен жолугушууларды өткөргөнү айтылат. Бирок өлкөнүн түштүгүндө куралдуу кагылышуулар болгондугу тууралуу маалымат жок.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев "Кыргызфильм" киностудиясынын имаратындагы жана ага чектеш аймактагы чарбалык корпустарда жүрүп жаткан оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Иштердин жүрүшү тууралуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков жана "Кыргызфильм" киностудиясынын жетекчиси Максат Жумаев маалымат беришти. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, учурда

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарындагы №61 жалпы билим берүүчү орто мектепке чектеш жайгашкан 14 кабаттуу турак жай объектисинде курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суерекулов билдирүүсүнө караганда, бул объектиде курулуш иштери буга чейин токтотулган. Бүгүнкү