Спорт ордосунун имаратында Баткендин тургундары үчүн гуманитардык жардамды кабыл алуу пункту ачылды
Спорт ордосунун имаратында Баткен облусунун тургундары үчүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту ачылды.
Гуманитардык жардамды чогултуу, даярдоо жана жөнөтүү пункту Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүүнү каалаган мекеме-уюмдардын жана жеке адамдардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу ачылган.
Каалоочулар Спорт ордосунун имаратында ачылган гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктуна кайрылса болот.
Гуманитардык жардам катары жөнөтүү үчүн сунушталган азыктар: макарон, күрүч, чай, гречка, кант, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, туз, жеке гигиеналык буюмдар, балдардын буюмдары (памперс).