Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 26 млн сомдон ашык каражат түштү

Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 26 млн сомдон ашык каражат түштү

КРнын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бүгүн, 19-сентябрь саат 10:00-гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкты колдоо үчүн КР жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын ачылган эсепке 26 млн сом өлчөмүндө каражат түшкөнүн кабарлады.

Эгерде сиз дагы Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына материалдык жардам көрсөтүүнү кааласаңыз, анда Финансы министрлигинин атайын эсебине каражат которсоңуз болот. Ошондой эле тургундарды эвакуациялоо үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды, азык-түлүк, керектүү буюмдарды сатып алып жаткан Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомуна акча каражатын которсоңуз болот.

Эгер сиз өзүңүз гуманитардык жардам көрсөткүңүз келсе, керектүү нерселердин жаңыланган тизмесин бул жерден таба аласыз. Гуманитардык жардам чогултуу пункттарынын даректерин бул жерден тапса болот.

Жабыркагандар да донордук канга муктаж. Даректерди жана байланыштарды бул жерден тапса болот.


Эске салсак, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар башталып, Баткен облусунун тургундарын эвакуациялоо иштери башталган. КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тажик тарап оор бронтехникаларды, ракеталык системаларды жана авиацияны колдонгону тууралуу маалымат берди. Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашышкан. Бирок эки сааттан кийин Тажикстан Республикасынын чек арачылары Кыргызстан тарапка кайрадан ок чыгарышкан.

Бүгүн, 19-сентябрга карата куралдуу кагылышуудан шейит болгондордун саны 59га, жаракат алгандардын саны 163кө жетти. Ошондой эле бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Баймурза Маатов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, Малик Бектурганов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык КРнын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Маатов Баймурза Турдахунович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Малик Бектурганов Башкы

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырышкан белгисиз үч жаран Ош шаарындагы укалоо салондордун бирине келип, салон ээсине кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн, тинтүү иштерин жүргүзүшүп, салон ээсине орой мамиле жасашкан. ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүлөр салон ээсинен 32 000 сом накталай акча алышып, кошумча акча талап кылышкан. Кийинчерээк, шектүүлөрдүн бири өзүн “Марсель”

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу   тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Ташкент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлеринин жумушчу жолугушуусу болуп өткөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Өзбекстандын энергетика министри Ж. Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Ш. Хамраев, Кыргызстандвын энергетика министри Т. Ибраев, Казакстандын энергетика министри Е. Аккенженов, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри