Баткен: чек арада түн тынч өттү, бирок кырдаал чыңалуу бойдон турат

Баткен: чек арада түн тынч өттү, бирок кырдаал чыңалуу бойдон турат

КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады. 

“18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок, ок атышууну токтотуу келишимдерин бузуулар катталган жок”, – дейт Чек ара кызматы.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Баймурза Маатов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, Малик Бектурганов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык КРнын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Маатов Баймурза Турдахунович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Малик Бектурганов Башкы

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырышкан белгисиз үч жаран Ош шаарындагы укалоо салондордун бирине келип, салон ээсине кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн, тинтүү иштерин жүргүзүшүп, салон ээсине орой мамиле жасашкан. ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүлөр салон ээсинен 32 000 сом накталай акча алышып, кошумча акча талап кылышкан. Кийинчерээк, шектүүлөрдүн бири өзүн “Марсель”

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу   тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Ташкент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлеринин жумушчу жолугушуусу болуп өткөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Өзбекстандын энергетика министри Ж. Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Ш. Хамраев, Кыргызстандвын энергетика министри Т. Ибраев, Казакстандын энергетика министри Е. Аккенженов, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри