Баткендеги куралдуу кагылыштан шейит болгондордун саны – 59 , жараат алгандардын саны 163кө жетти
КРнын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 19-сентябрь саат 9:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 163кө жеткенин билдирди.
Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына бир түн ичинде 19 жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн кайрылган анын ичинен 12 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
“Ооруканаларда жалпысынан 144 адам дарыланууда, 19 жаран амбулатордук шартта дарыланууга жөнөтүлдү”, – дейт министрлик.
Жабырлануучулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек жана Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду (102 жабырлануучу).
- Улуттук госпитал – 71 жабырлануучу
- Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу
- Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу
- Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу
- Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасы – 2 жабырлануучу.
Калган жабырлануучулар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.
Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан шейит болгондордун жалпы саны 59 адамды түздү.