КР менен Тажикстандын ИИМ өкүлдөрү чек ара тилкесин күнү-түнү биргелешип күзөтүшөт

КР менен Тажикстандын ИИМ өкүлдөрү чек ара тилкесин күнү-түнү биргелешип күзөтүшөт

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон турат. Андыктан КР менен Тажикстандын Ички иштер министрликтиринин өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында Канибадам – Ходжент унаа жолунун чек ара тилкесинде күнү-түнү биргелешип күзөтүүнү макулдашты. Был тууралуу КРнын ИИМи билдирди.

«Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек районунда КРнын жана  Тажикстан ИИМинин 30дан ашык кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматына коомдук тартипти сактоо багытында тапшырмаларды коюп, анын так аткарылышын талап кылды», – дейт аталган органдын маалымат кызматы. 

Милиция кызматкерлери укук бузууларды  жана чагымчылдыкты алдын алуу боюнча жана коомдук тартиптин бекем сакталышышы жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана кошумча тартылган күчтөр  коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Баймурза Маатов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, Малик Бектурганов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык КРнын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Маатов Баймурза Турдахунович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Малик Бектурганов Башкы

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырышкан белгисиз үч жаран Ош шаарындагы укалоо салондордун бирине келип, салон ээсине кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн, тинтүү иштерин жүргүзүшүп, салон ээсине орой мамиле жасашкан. ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүлөр салон ээсинен 32 000 сом накталай акча алышып, кошумча акча талап кылышкан. Кийинчерээк, шектүүлөрдүн бири өзүн “Марсель”

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу   тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Ташкент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлеринин жумушчу жолугушуусу болуп өткөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Өзбекстандын энергетика министри Ж. Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Ш. Хамраев, Кыргызстандвын энергетика министри Т. Ибраев, Казакстандын энергетика министри Е. Аккенженов, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри