Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартууга локомотив болот

Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартууга локомотив болот

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
 
Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
 
Министрлер кабинетинин башчысы бизнес өкүлдөрүнө, карапайым жарандарга өлкө үчүн оор күндөрдө гуманитардык жана финансылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин алдыбызда көптөгөн калыбына келтирүү иштери турат. Ушул күндөрү жардам көрсөткөн бизнес өкүлдөрүнө жана карапайым жарандарга ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздөгү кыйынчылыктарды биргеликте жеңебиз», – деди ал.

Ошондой эле Жапаров өткөн жылы өлкөгө 1 млрд АКШ долларынан ашык инвестиция келгенин жана инвестиция тартуу маселесинде жаңы ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 «Министрлер кабинетинин алдында кыйла масштабдуу амбициялуу милдеттер турат. Биз быйылкы жылы ИДПнын өсүшүн 6%дан кем эмес камсыз кылуу милдетин койдук, ал эми 2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча өсүү 8%ды түзөт.

Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономикалык өсүш, айлык акынын өсүшү, кирешенин өсүшү деңгээли боюнча алдыга чыгып жатабыз. Жакынкы 5-6 жылда бул тенденцияны улантабыз деп ишенем.

Бизге жаңы ыкмалар, жаңы инвестициялар керек. Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартуу үчүн локомотив болот деп ишенем”, – деди ал.

 Минкабдын берген маалыматына караганда, кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү документтерди иштеп чыгуу жана министрлер кабинетине киргизүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу   тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Ташкент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлеринин жумушчу жолугушуусу болуп өткөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Өзбекстандын энергетика министри Ж. Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Ш. Хамраев, Кыргызстандвын энергетика министри Т. Ибраев, Казакстандын энергетика министри Е. Аккенженов, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин