Баткен: 136 миң жаран эвакуацияланды, жалпы 775 тонна гумжардам жеткирилди

Баткен: 136 миң жаран эвакуацияланды, жалпы 775 тонна гумжардам жеткирилди

Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:00гө карата маалыматка ылайык, Батккен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган. Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.

“Ошондой эле Баткен облусуна жалпы 775 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 478 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген.

Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 51 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн”, – дейт ӨКМ.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

  • Ош облусунда – 44
  • Жалал-Абад облусунда – 12
  • Нарын облусунда – 6
  • Ысык-Көл облусунда – 69
  • Талас облусунда – 43
  • Чүй облусунда – 12
  • Ош шаарында –1
  • Бишкек шаарында – 1.

Эгерде сиз дагы Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына материалдык жардам көрсөтүүнү кааласаңыз, анда Финансы министрлигинин атайын эсебине каражат которсоңуз болот. Ошондой эле тургундарды эвакуациялоо үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды, азык-түлүк, керектүү буюмдарды сатып алып жаткан Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомуна акча каражатын которсоңуз болот.

Эгер сиз өзүңүз гуманитардык жардам көрсөткүңүз келсе, керектүү нерселердин жаңыланган тизмесин бул жерден карасаңыз болот. Гуманитардык жардам чогултуу пункттарынын даректерин бул жерден таба аласыз.

Жабыркагандар да донордук канга муктаж. Даректерди жана байланыштарды бул жерден тапса болот.



Эске салсак, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар башталып, Баткен облусунун тургундарын эвакуациялоо иштери башталган. КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тажик тарап оор бронтехникаларды, ракеталык системаларды жана авиацияны колдонгону тууралуу маалымат берди. Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашышкан. Бирок эки сааттан кийин Тажикстан Республикасынын чек арачылары Кыргызстан тарапка кайрадан ок чыгарышкан.

Бүгүн, 20-сентябрга карата куралдуу кагылышуудан шейит болгондордун саны 59га, жаракат алгандардын саны 183кө жетти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу   тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Ташкент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлеринин жумушчу жолугушуусу болуп өткөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Өзбекстандын энергетика министри Ж. Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Ш. Хамраев, Кыргызстандвын энергетика министри Т. Ибраев, Казакстандын энергетика министри Е. Аккенженов, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин