Баткен жана Ош облусунун чек ара аймактарында жарылбай калган снаряд, миналарды тазалоо иштери башталды

Баткен жана Ош облусунун чек ара аймактарында жарылбай калган снаряд, миналарды тазалоо иштери башталды

Бүгүн, 20-сентябрдан баштап, Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара аймактарында жарылбай калган снаряддарды, миналарды жана башка жарылуучу каражаттарды таап, аларды зыянсыздандырып, тазалоо боюнча иш-аракеттер жүрөт. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчоого алынып, кайтарууга алынат.

Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.

Буга байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана тиешелүү маалыматтарды чек ара тарамдарынан же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу   тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Ташкент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлеринин жумушчу жолугушуусу болуп өткөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Өзбекстандын энергетика министри Ж. Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Ш. Хамраев, Кыргызстандвын энергетика министри Т. Ибраев, Казакстандын энергетика министри Е. Аккенженов, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин