Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюму ӨКМга 18 даана компьютер берди
Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрү кечээ, 19-сентябрда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 18 даана комьютер белек кылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу баалоо жүргүзүү иштерине колдонуу максатында ӨКМге атайын компьютердик техникалар белекке берилди.
“Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов техникалар эң керектүү учурда тапшырылганын белигилеп, компьютерлер Баткен облусундагы орун алып жаткан кырдаалды жөнгө салууга өз салымын кошорун билдирди.
ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы 18 даана акыркы үлгүдөгү компьютер жана 1 принтер тапшырылды. Мындан сырткары, тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү макулдашышты”, – деп айтылат маалыматта.


