Кыргызстанда 15 чет элдик компания «Google салыгын» төлөөгө макул болду
Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү 15 чет өлкөлүк компания КНС төлөөчү болушту. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
КРда электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү 15 чет өлкөлүк компания республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү катары катталышты.
“Нидерландыда катталган 4 компания, АКШда, Улуу Британияда, Россияда экиден жана Ирландияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Арменияда, Казакстанда, Кипрде бирден компания Салык кызматынын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өтүштү”, – дейт Салык кызматы.
Азыркы учурда, сервистин тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
“Google салыгы” – жеткирүү орду КРнын аймагы деп таанылган, Кыргызстанда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.
Белгилей кетсек, КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.