Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды.

Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды.

Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи. 

Ошондой эле ал тиешелүү кызматтарга долбоордун концепциясын ыкчам иштеп чыгуу, алдын ала долбоорду даярдоону тездетүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары окуңуз

Чолпон-Атадагы ЕАЭБ жыйынында үч макулдашууга кол коюлду

Чолпон-Атадагы ЕАЭБ жыйынында үч макулдашууга кол коюлду

6-7-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында үч макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов маалымат жыйынында билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйындын күн тартибине 15 маселе киргизилип, анын 13ү кеңейтилген форматта каралды. Биринчи макулдашуу ЕАЭБдин ички рыногунда электрондук сооданы

Өзгөндүн Кандава айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Өзгөндүн Кандава айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кандава айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда объектте бетон орнотуу иштери аяктап, имараттын дубалдарын тургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча заманбап талаптарга жооп берген

Кыргызстанда BARS бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт

Кыргызстанда BARS бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт

Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен электр кыймылдаткычында иштеген автоунааларды чыгаруу пландалууда. Учурда автомобиль өнөр жай кластерин түзүү боюнча долбоордун даярдыгы 75%га жетти. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Долбоордун алкагында жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы электр унааларын өндүрүү жана чогултуу каралган. Алгач өндүрүш ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Салык карызынын 97%ы эсептен чыгарылат: кимдерге жеңилдик берилди?

Кыргызстанда айрым салык төлөөчүлөргө салык карыздарын, туум жана санкцияларды эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүк берген жаңы мыйзам кабыл алынды. Бирок жеңилдиктер автоматтык түрдө колдонулбайт, мыйзамда белгиленген шарттарды аткаруу талап кылынат. Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мал экспорттоочулардын 2026-жылдын 1-январына чейинки салык карызынын 97%ы, ошондой эле туум жана санкциялардын