«Манас» бажысы Дубайдан мыйзамсыз келе жаткан 15 даана Iphone 14 PRO маркасындагы телефондорду алып койду

«Манас» бажысы Дубайдан мыйзамсыз келе жаткан 15 даана Iphone 14 PRO маркасындагы телефондорду алып койду

«Манас» бажысы Iphone 14 PRO маркасындагы уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Евразия экономикалык бирлигинин жана КРнын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө «Манас» бажысынын кызматкерлери 17-сентябрда саат 04:50 чамасында бажы контролун жүргүзүү учурунда Дубай – Бишкек каттамы боюнча жүргүнчүлөрдүн арасында Россия Федерациясынын М.Г.О. аттуу жараны Iphone 14 PRO маркасындагы 15 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.

“Кармалган телефондордун болжолдуу баасы 2.1 млн сомду түзгөн. Материалдар КБР АДС МКЖга катталып, КРнын мыйзамдарына ылайык тиешелүү органга өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде