Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салууга 7850 адам, 390 техника тартылды - ӨКМ

Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салууга 7850 адам, 390 техника тартылды - ӨКМ

Бүгүн, 23-сентябрда Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салуу иштери боюнча Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов “Кабар” маалымат агенттигинде маалымат берди.

Шамырканов Баткен облусунда жүргүзүлгөн эвакуация иштерин, жарандар кайсыл айылдарга жана шаарларга жайгаштырылгандыгын айтып өттү.

Анын айтымында, Баткен шаарынан – 25 миң 600 жаран эвакуацияланып, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларына жайгаштырылган.

Ал эми Баткен районунун айылдарынын тургундары 54 миң 684 тузүп, алар Кара-Бак, Рабат, Боз-Адыр, Кара-Токой, Согмен, Газ айылдарына жана Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларына убактылуу жайгаштырылган.

Ошондой эле Лейлек районунан Кулунду, Борбордук, Интернационал, Арка, Саадак, Достук, Максат айылдарынан 54 486 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Раззаков шаарларына жана Кара-Булак, Коргон, Булак-Башы, Самат, Маргун айылдарына убактылуу жайгаштырылган.

“Жалпы облус боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Анын 113 миң 803 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө, 4671 жаран эвакуациялык пункттарга, 3110 Баткен облусуна, 1561 Ош шаарына жайгаштырылган. Ошондой эле башка облустарга чыгып кеткен 4539 жаран убактылуу Чүй, Жалал-Абад облустарындагы жана Бишкек шаарындагы жайларга жайгаштырылган”, – деди Шамырканов.

Мындан сырткары, 13 757 жаран туруктуу жашаган үйлөрүнө кайта баштады. Эвакуция иштерине тартылган күч, каражаттарынан 582 өздүк курам, 69 техника, ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 7268 кызматкер, 321 техника тартылган. Жалпысынан, 7850 кызматкер 390 техника облустагы кырдаалды жөнгө салуу иштерин аткарууда.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде