Баткен районунда 100 миңдей адам жашаса, анын 60 миңге жакыны коопсуз аймактарга көчүрүлгөн

Баткен районунда 100 миңдей адам жашаса, анын 60 миңге жакыны коопсуз аймактарга көчүрүлгөн

Баткен облусунда абал салыштырмалуу туруктуу. Аким Учкунбек Жоробаев Баткен районунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында:

  • Баткен районунда 100 миңдей адам жашаса, анын 60 миңге жакыны коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.
  • Бүгүнкү күндө 321 тонна гуманитардык жардам алынып, 291 тоннасы муктаждарга таратылып, 30 тоннасы кампада турат.
  • Атайын түзүлгөн комиссия миналарды жарылбай калган снаряддардан тазалоого сапёрлорду тартуу менен райондук деңгээлде иш алып барууда. Андан соң аймакка изилдөө жүргүзүлүп, талкаланган объектилерди калыбына келтирүү иштери башталат.

Оперативдүү маалыматтар боюнча 426 объект текшерилип, анын ичинен 321 турак жай жашоого жараксыз, 6 турак жай калыбына келтирүүгө жатат. Ошондой эле 7 мектеп, 5 бала бакча, эки ФАП, 320 чарбалык курулуш жана 145 турмуш-тиричилик объектилери талкаланган. Бул сандар акыркы эмес.

  • Коопсуз аймактардагы социалдык объектилер кадимки режимде иштеп жатат. Эвакуацияланган жерлерге баруу менен калкка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт, анын ичинде медициналык мобилдүү бригадалар жана психологдор аларга жардам көрсөтүүдө.
  • Баткен облусунда жалпысынан 54 мектеп жана 48 бала бакча болсо, анын ичинен 17 мектеп жана 12 бала бакча штаттык режимде иштеп жатат.
  • Чыгууну же учууну каалаган тургундар үчүн транспорт уюштурулуп, Раззаков шаарында аэропорт иштеп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде