Баткендеги куралдуу басып алуудан жабыркаган жарандардын кредиттерин кечип салуу каралат
Баткен облусунда куралдуу басып алуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын облустагы өкүлү Акмал Раззаков билдирди.
Анын айтымында, былтыр апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда банктар жабыркаган жарандардын насыясын кечишкен.
«Быйыл дагы ушундай чечим кабыл алынат деп үмүттөнөбүз», – деп кошумчалады ал.
Ал белгилегендей, учурда чек арада жабыркаган жарандарга берилген насыялар боюнча маалыматтар такталууда. Бардык жабырлануучулар банкка, микрокредиттик финансы компаниясына кайрылуусу керек же кредит берген адисине WhatsApp аркылуу билдириши керек.