Азыркы армиянын абалы, Баткен, «Кумтөрдүн» алтыны - Садыр Жапаровдун жаңы маеги

Азыркы армиянын абалы, Баткен, «Кумтөрдүн» алтыны - Садыр Жапаровдун жаңы маеги

Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда учурдагы кыргыз армиясынын абалы, чек ара маселеси, Баткен жана “Кумтөрдүн” алтыны сыяктуу көйгөйлүү маселелерге токтолду.

БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзү тууралуу

Президент БУУда сүйлөгөн сөзүн өзү жазганын, болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктаганын айтты.

“Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «Жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе”, – деди Жапаров.

Армиянын абалы тууралуу

“Билесизби, чынын айтайын, мен бийликке келгенде армиябыз, башка күч органдарыбыз «итке минип» калыптыр. Бул сөзүмдү күч органдарында иштегендер дагы тастыктап беришет. Чынын айтсам, былтыр апрелде Тажикстан кол салганда аскерлерибиздин автоматтарынан башка эч нерсеси жок экен. 10 танкасы болсо, экөө от алат. Анда дагы беш чакырымга жетпей өчүп калышты. Калганы жүрмөк түгүл, от албайт. 70-80-жылкы танкалар, аккумуляторлору жок. Бир истребителибиз, бир тик учагыбыз жок.

Эмнесин айтайын, мына ушундай итке минген армияны өткөрүп алыптырмын. Бир жыл ичинде колдон келишинче күчтөдүм. Тамак-аштары да эптеп эле экен. Дароо эки эсеге көтөрүп бердим. Бир жыл ичинде колдон келишинче, акчабыздын жетишинче заманбап курал-жарактар менен камсыз кылдым. Азыр эми Кудайга шүгүр, күчтүү болуп калдык. Душмандын мизин кайтарганга күчүбүз жетет. Өзүбүз катылбайбыз, катылгандын катыгын беребиз. «Итке минген» армиябыз эми «атка минип» турат десек болот. Бирок муну менен токтолуп калбайбыз. Коргонуу үчүн дагы күчтөп жатабыз.

Ал эми “биздин айылдарды тебелеп кетти” деген сөзүңүзгө жооп берейин. Тажикстан менен Кыргызстандын чек араларындагы айылдарда үйлөр шахматтын бетиндей болуп жайгашып калган. Союз чачыраганы биздин элдерибиз үйлөрүн сатып, Бишкекке же Россияга мигрант болуп кетишкен. Биз жакка алардын чабуулу башталганда ошол шахмат бетиндей болуп калган айылдарда жашаган калкыбызды былтыркыдай болбосун деп эвакуация кылып кеттик. Айыл бош калды. Алар бош калган үйлөрдү өрттөп, мектепке желегин илишти. Бирок кийин жооп катары сокку уруп, баарын бошотуп, кууп чыктык”, – дейт Жапаров.

Баткен тууралуу

“Колдон келишинче тездетип бүтүрүп бергенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Жаңы жылга чейин бүткөнгө аракет кылабыз. Каражат жетиштүү. Казынабыз куру эмес. Андан сырткары, каза болгондордун баарынын жакындарына да жардам берилет. Баарын тактап чыгып жардам беребиз. Балдарын кароосуз калтырбайбыз. Үйлөнбөй кеткендерге ата-энесине беребиз. Кыскасы баатыр балдарыбыздын эрдиги бааланбай калбайт” – деди президент.

Айланасындагы “артка тарткан адамдары” тууралуу

президент ушундай сөздөрдү токтотуш керектигин, ким кандай иштеп жатканы ага даана көрүнүп турганын айтат.

“Албетте кемчиликтер бар. Бирок «Көч бара-бара түзөлөт» дейт. Иштей албаган кадрларды четинен алмаштырып жатабыз. Эскилери да бар. Ушул жерден жалпы журтчулук бир нерсени так билип коюшу керек. Эсиңиздердеби, Октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам. Жарым жылга жакын иштешти. Тажрыйба болбогондон кийин өздөрү да кыйналат экен, мамлекетти да кыйнайт экен. Министр болгондордун арасында “штаттык расписание” деген эмне экенин билбегендер болду. Анан кантип килейген министрликти башкарат? Күнөскана ачып, бадыраң өстүрүп алса эле «ии, мен министр болууга даяр экем» деп ойлобош керек. Министрлик бир теплица менен эле чектелбейт.

Ал эми эски кадрларды, Акылбек Жапаровду баш кылып иштеп бергиле деп өзүм чакырып келдим. Так сүйлөшүп алдык. “Буга чейин кандай иштегениңер, эмне кылганыңар мени кызыктырбайт. Мындан аркы мени менен иштеген ишиңер таза болбосо капа болбогула, бир гана эмгек акыга иштейсинер, бир сом уурдасаңар же жеке кызыкчылыгыңарга пайдалансаңар камаласыңар” деген келишим бар ортобузда.

Акылбек Үсөнбековичке: “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы. Тарыхта ак тамгалар менен жазылып калалы. Балдарыбызды жер каратпайлы”, – деп айтып атам.

Ооба, аймактардагы өкүлдөрдүн, жергиликтүү бийликтегилердин, анча-мынча министрлер арасында жакшы иштей албай жаткандар бар. Оңолбосо, алмаштырабыз.

Азыр баары менин көзөмөлүмдө. Ар бир кыймыл-аракетин карап, отчёт алып турам. Эл-журттан суранарым, мага ишенип, беш жыл президент кылдыңарбы, аягына чейин ишенгиле. Беш жылдан кийин жыйынтык чыгарасыңар”, – деди Жапаров.

“Кумтөрдүн” алтыны тууралуу

“Өткөндө эле айттым эле, учурдан пайдаланып, дагы бир жолу айтып коеюн. Жогорку Кеңеш тиешелүү комиссия түзүп, текшерип келгенге толук укугу бар. Эч ким бут тоспойт. Төрагага айтам, комиссия түзүшсүн. Текшерип келип, жалпы элге чын экен же калп экен деп жарыя кылып коюшсун. Комиссияга коомчулуктун өкүлдөрүнөн дагы кошуп алышсын. Алтындын «А» тамгасын түшүнбөгөн блогер чалыштарды сөзсүз кошуп алышсын. Билип алышса, анан ар кандай сөздөр токтойт эле.

Мен айтып коеюн, тонналаган алтынды биякка коелу, 1 кг алтын уурдаган болсо, жакыным же досум экенине карабай каматам. Уурдаганын он эселеп кайтартабыз.

Андыктан, мен президент болуп турганда «алтын уурдалат» деген түшүнүктөн таптакыр эле алыс болгула”, – деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

УКМКдан билдиришкендей, 8-декабрда УКМК Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмү жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Кече кенинен (108 тонна) көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унааны кармаган. Алар көмүрдү Нарын шаарында жогорулатылган баада (тоннасына 6000 сом) сатууну пландап жатышкан. Аталган унааларга Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл аймагынан берилген ишеним каттын

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздөгү 27,55 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында Барскоон айыл өкмөтүндөгү жалпы 2,4 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди. Макулдашууга долбоорду ишке ашыруучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар  артка кайтарылды

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар артка кайтарылды

14-декабрда фитосанитардык көзөмөл пункту "Черлакский" (МАПП "Ольховка") аймагында Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Омск облусу боюнча инспекторлору Омск бажысынын мобилдик тобу менен биргеликте Кыргызстандан келе жаткан жашылчалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны токтотушкан. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясына киргизүү үчүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон 21 тонна продукция