Инвестициялык агенттиктин жетекчиси болуп Умбриэль Темиралиев дайындалды
Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыгы боюнча, Конституциянын 71-беренесине ылайык, Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган агенттикти жарым жыл Равшанбек Сабиров жетектеп келген.