2022-жылга карата ЕАЭБ өлкөлөрү 21.2 млрд долларлык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышты

2022-жылга карата ЕАЭБ өлкөлөрү 21.2 млрд долларлык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышты

Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин акыркы жыйынында 60 маселе каралды. 26-сентябрдагы жыйындын жыйынтыгын КР Экономика министринин орун басары Вероника Исаева билдирди.

Анын айтымында, талкууланган маселелердин ичинде 2021-жылдагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын абалы каралган. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ишке ашырып жаткан импортту алмаштыруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБдеги учурдагы кырдаалга токтолушту. Алсак, 2022-жылга автомобиль куруу, станок куруу, электр, химия, металлургия, медициналык жана целлюлоза-кагаз өнөр жайы, транспорттук жана жүк көтөрүүчү жабдууларды өндүрүү, жол куруу, атайын жана коммуналдык жабдуулар, транспорт курулушу сыяктуу жалпысынан 21.2 млрд долларга 25 долбоор ишке ашкан.

ЕАЭБтин индустриялаштыруу картасын түзүү жана Биримдиктин веб-сайтында алгачкы жайгаштыруу учурунда ага жалпы суммасы 300 млрд доллардан ашык 24 тармактагы 182 ири жана олуттуу инвестициялык долбоорлор киргизилген. Алардын ичинен:

  • 156 өнөр жай долбоору, анын ичинде импортту алмаштыруучу 142 долбоор, анын ичинде 6 биргелешкен долбоор
  • 19 инфраструктуралык долбоор
  • Энергетика тармагында 7 долбоор.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде