АӨБ Кыргызстанга берилчү 50 млн долларлык жаңы долбоорду жактырды

АӨБ Кыргызстанга берилчү 50 млн долларлык жаңы долбоорду жактырды

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоо үчүн экономиканын өсүүсүн жакшыртуу жана өлкөнүн тышкы таасирлерге туруктуулугун жогорулатууга 50 млн долларлык долбоорду жактырды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

25 млн доллар грантты жана 25 млн доллар жеңилдетилген насыяны камтыган долбоор АӨБдүн COVID-19 пандемиясы сыяктуу олуттуу макроэкономикалык көйгөйлөрдүн шартында структуралык реформаларды ишке ашырууда өкмөткө колдоо көрсөткөн “Экономиканы диверсификациялоону илгерилетүү” программасын улантат.

«КРнын экономикасын диверсификациялоо кыргыз экономикасын алтын казып алуу жана акча которуулардан ашыкча көз карандылыгынан арылтуу үчүн реформаларды тездетүү, экономиканын тышкы таасирлерге туруктуулугуна жана өлкөнүн орто жана узак мөөнөттүү өсүү траекториясын жакшыртууга жардам берет», – дейт АӨБ Борбордук жана Батыш Азия боюнча департаментинин директору Евгений Жуков.

Жуковдун айтымында, АӨБ өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга, жумуш орундарын жана жаңы жашоо каражаттарын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү реформаларды колдоого умтулат. Долбоор сооданын жана инвестициянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, минералдык эмес секторду өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести (ЧОИ) колдоого багытталган реформаларды колдойт.

Колдоого алынган реформалар ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу, сектордук көндүмдөрдү бекемдөө жана фискалдык башкарууну жана социалдык коопсуздук тармактарын жакшыртуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү илгерилетет.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде