Аvia Traffic: Баткенге аба каттамдары ноябрь айында токтошу мүмкүн - өзүн-өзү актабайт

Аvia Traffic: Баткенге аба каттамдары ноябрь айында токтошу мүмкүн - өзүн-өзү актабайт

Ушул жылдын аягына чейин Бишкек – Раззаков, Бишкек – Баткен аба каттамдары токтошу мүмкүн, анткени анын чыгымы өзүн өзү актабайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Avia Traffic компаниясынын генералдык директору Алик Аскаров билдирди.

Анын айтымында, учурдагы Бишкектен Исфанага учкан самолеттун чыгымы 12 миң доллар турат.

“Азыр биз 7942 доллар менен учуп атабыз. 4033 доллар артка кетебиз. Ал жактан 80 жүргүнчү алабыз. Эгерде ноябрга чейин маселе чечилбесе анда Бишкек – Раззаков аба каттамы токтойт. Ошону айтып коеюн дегенмин” – деди Аскаров.

Ошондой эле ал 2017-2021-жылдар аралыгында Avia Traffic 2 млн 650 жүргүнчү тейлегенин, 2020-21-жылдары пандемияга байланыштуу каттамдар дээрлик жок болсо деле аталган компания “Манас” жана “Ош” аэропортторуна күйүүчү майга 5 млрд 232 млн сом, жердеги тейлөөгө 2 млрд 500 млн, борттогу тамактанууга 600 млн, имараттын арендасы 14 млн 814 миң сом төлөнгөндүгүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде