Бишкектеги 101 маршруттук линиянын 22си гана муниципалитеттин карамагына өткөн

Бишкектеги 101 маршруттук линиянын 22си гана муниципалитеттин карамагына өткөн

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Бишкек шаарындагы жол-транспорт тармагынын учурдагы абалы талкууга алынды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиевдин айтымында, борбордо 101 маршруттук линия бар.

“2013-жылдан бери мэрияга бир тыйын да түшө элек, мисалы, айрым фирмалар жарым жылдыкта болгону 4800 сом салык төлөшкөн. Үстүбүздөгү жылдын 1.5 айында 22 маршруттук линияны муниципалитеттин карамагына өткөрүүдөн бюджетке 1 млн 270 миң сом түштү”, – деди ал.

Өз кезегинде депутат Улугбек Ормонов транспорт уюмдарынын ишин салыктык чегерүүлөрү боюнча текшерүүнү сунуштаса, депутат Эльдар Сулайманов унаа токтотууучу жайлардын жетишсиздигине жана борбор калаада транспорттук түйүндөрдү куруу зарылчылыгына токтолуп, автоматташтырылган акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды ачуу керектигин кошумчалады.

Депутат белгилегендей, бул жолдогу унаа тыгындарын азайтууга өбөлгө түзмөк. Бул сунуш боюнча вице-мэр Нурдан Орунтаев муниципалдык унаа токтотуучу жайларды техникалык модернизациялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнөктөштөрдү тандоонун жыйынтыгы чыгарылып жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде