Күйүүчү майлардын баасынын төмөндөө тенденциясы байкалууда
Монополияга каршы кызмат нефтетрейдерлер менен жүргүзүп жаткан профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) баасынын төмөндөө тенденциясы байкалып жатканын айтат.
Алардын айтымында, бүгүнкү күндө 2022-жылдын 30-августуна салыштырмалуу күйүүчү майдын литри 1 сомго чейин төмөндөгөн.
Азыркы учурда республикада күйүүчү-майлоочу материалдардын запасы жетиштүү санда бар, бул өз кезегинде рыноктогу баалардын турукташуусуна оң таасирин тийгизет.
Монополияга каршы орган КММ рыногу тарабынан туруктуу байкоо
жүргүзүү зонасында жайгашканын жана алардын баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөөгө багытталган зарыл иштер системалуу негизде жүргүзүлүп, КММ рыногунун катышуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп турганын айтат.