Кыргызстан Түштүк Корея менен меджабдыктарды чыгарган MEDONICA KG биргелешкен ишканасын түзөт
Кыргызстан Түштүк Кореянын MK CORPORATION компаниясы менен бирге медициналык жабдууларды чыгарган ишкананы түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ААК билдирди.
22-сентябрда “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов Түштүк Кореянын MK CORPORATION компаниясынын башкы техникалык директору Чо Угрэ менен жолугушуп, медициналык инструменттер өнөр жайынын тармагында биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташуу, анын ичинде медициналык жабдууларды, приборлорду чыгаруу боюнча иштей турган MEDONICA KG биргелешкен ишканасын түзүү маселесин талкуулашты.
“Бул долбоордун ишке ашырылышы эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда байланыштарды чыңдоого жана КРнын медициналык өнөр жай чөйрөсүндө өнүгүүсүнө шарт түзөт. Түштүк Кореянын технологиясы боюнча жабдууларды жасоо диагностиканын жогорку деңгээлин жана жарандарды натыйжалуу дарылоону камсыз кылат”, – деп айтылат маалыматта.
Тараптар бул долбоорду ишке ашыруу үчүн медициналык аспаптар өнөр жайында өз ара пайдалуу кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселесин иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга токтолушту.