Кыргызстандыктар эми Kaspi банкынан «Элкартка» телефон номери аркылуу акча которо алышат

Кыргызстандыктар эми Kaspi банкынан «Элкартка» телефон номери аркылуу акча которо алышат

Эми “Элкарт” төлөм карталарынын ээлери Казакстандын Kaspi банкынан түз акча которууларды ала алышат. Бул тууралуу «Компаньон Банк» ЖАКтын өкүлү Ажар Мамбетова Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, которууларды “Элкарт” карталарына телефон номери аркылуу жүргүзүүгө болот. Мамбетова Economist.kg басылмасына Кыргызстандын каалаган коммерциялык банкынын “Элкарт” төлөм картасынын ээси Kaspi банкынан которууларды ала алаарын тастыктады.

«Бир гана шарт – бул “Элкарт Мобайлдын” колдонуучусу болушу керек, анткени которуулар телефон номери аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми номерди актуалдаштыруу үчүн ал “Элкарт Мобайлга” байланган болушу зарыл”, – деп билдирет аталган банктын өкүлү.

Мындан тышкары, кыргызстандыктар Kaspi банкына кайра которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Банк расмий релиз менен кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде