Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Москва - Бишкек билеттеринин баалары боюнча комментарий берди
Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Москва – Бишкек авиабилеттеринин баасына комментарий берди.
Анын айтымында, Россия президентинин жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндөгү жарлыгынан кийин авиа билеттердин баасы кескин кымбаттаган.
«Биз көзөмөлдөп жатабыз. Бааларды көтөрүүгө жол бербөө боюнча Росавиация жана авиакомпаниялар менен иштешип жатабыз. Биздин Avia Traffic бааны көтөргөн жок, бирок Аэрофлот эки эсе, “Урал” жана “Сибирь” сыяктуу авиакомпаниялар бааларды укмуш эле көтөрүшүүдө”, – деди Настаев.
Ошондой эле ал бул убактылуу экенин жана 5-октябрдан тарта системада баалар төмөндөп жатканын көрүүгө болоорун кошумчалады.