Жыл аягына чейин КРнын ИКАОнун «кара тизмесинен» чыгуу мөөнөтү белгилүү болот
2022-жылдын аягында Жарандык авиация агенттиги (ЖАА) Кыргызстандын Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) “кара тизмесинен” чыгуу мөөнөтү качан дайын болорун айтат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев билдирди.
Анын айтымында, учурда жол картасын түзүү иштери жүрүп жатат. Эске салсак, Кыргызстан 2006-жылдан бери “кара тизмеге” кирген. Чыгуу үчүн өлкө сегиз негизги критерийге жооп бериши керек:
- аба мыйзамдары
- өлкөнүн ичинде жарандык авиация системасын уюштуруу
- авиациялык персоналдын күбөлүктөрүн жана классификациясын берүү
- учактардын учууга жарамдуулугун сактоо
- аба навигациясы
- аэродромдор жана жердеги объекттер
- авиациялык кырсыктарды иликтөө.