«Эйрбас Хеликоптер» компаниясы ӨКМ менен бирге «Тоо учкучтарын атайын даярдоочу борбор» түзүүнү сунуштады

«Эйрбас Хеликоптер» компаниясы ӨКМ менен бирге «Тоо учкучтарын атайын даярдоочу борбор» түзүүнү сунуштады

Кечээ, 27-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев “Эйрбас Хеликоптер” компаниясынын вице-президенти Томас Земан менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Ажикеев алгач Кыргызстандагы болуп өткөн чек арадагы акыркы окуяларда ӨКМдин тоодон куткаруу, туристтик жана альпинисттик багыттагы куткаруу иштерине республикалык бюджеттин эсебинен жаңы сатып алынган акыркы үлгүдөгү Airbus – H-125 тик учагы колдонулганын, аз орундуу болгон менен аскердик тик учактар коно албай турган кууш тилкелерге конуу, үнөмдүүлүгү менен өтө ыңгайлуу экендигин айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан бийик тоолуу өлкө болгондуктан, “Эйрбас Хеликоптер” компаниясынын чыгарган тик учагынын ыңгайлуулугуна карап, бийик тоо кыркаларында калып калган альпинисттерди, адамдарды тоодон куткаруу үчүн кийинки тик учакты сатып алуу кызыкчылыгы жаралган. Ошондой эле 2021-жылы РФ аркылуу үчүнчү тик учак алуу макулдашылган.

Берилген маалыматка таянсак, “Эйрбас Хеликоптер” компаниясы ӨКМ менен биргеликте “Тоо учкучтарын атайын даярдоочу борбор” түзүү сунушун карап көрүүнү билдирген.

“Жолугушуунун жүрүшүндө Томас Земан мырза Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен эки тараптуу кызматташууга кызыкдар экендигин жана жакында келе турган Airbus – H-145 тик учагын белгиленген мөөнөттө Кыргызстанга жеткирүүнү пландап жатышкандыгын билдирди. Ошондой эле эки тарап учкучтарды даярдоочу биргелешкен борборду түзүү маселесин бирге талкуулашты”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Бүгүн, Жогорку Кеңешт VIII чакырылышынын жыйынында Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо маселеси каралды. ЖКтин Комчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык,  Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүштү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагаларынын орун басарлары

Милиция кызматкерлерине 50 кызматтык унаа жана 5 карда жүрүүчү техника тапшырылды

Милиция кызматкерлерине 50 кызматтык унаа жана 5 карда жүрүүчү техника тапшырылды

Бүгүн Ички иштер министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, ыкчам кызматтарга, ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Туристтик милициясына жаңы кызматтык унааларды жана карда жүрүүчү техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. ИИМдин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында "JAC", "Changan», "Hyundai Staria", "Toyota

Бажы кызматынын 2025-жылдагы санариптештик негизги натыйжасынын бири- кырдаалдык борбордун түзүлүшү

Бажы кызматынын 2025-жылдагы санариптештик негизги натыйжасынын бири- кырдаалдык борбордун түзүлүшү

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылы санариптештирүүнүн алкагында кырдаалдык борборду киргизген. Аны киргизүү чечими бажы процесстери менен байланышкан көп көлөмдөгү маалыматтарды натыйжалуу башкаруу зарылдыгынан улам келип чыккан. Бажы кызматынан кабарлашкандай, Кырдаалдык борбор бажы органдарынын ичиндеги мониторингди, талдоону жана кырдаалдык баалоону бирдиктүү аналитикалык чөйрөгө топтойт. Борбор бажы процесстерине туруктуу автоматташтырылган мониторинг жүргүзүүнү, учурдагы

Кыргызстан менен Катар кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Катар кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев Катар Мамлекетинин Башкы прокурору, доктор Исса бин Саад Аль-Джафали Аль-Нуайми менен Доха шаарында жумушчу жолугушуу өткөрдү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү, коррупцияга жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, экстрадициялоо, соттолгон