Кыргызстанда сегиз айда 1.1 миң тонна сүт өндүрүлдү - эң жогорку саандуу уйлар Чүй облусунда

Кыргызстанда сегиз айда 1.1 миң тонна сүт өндүрүлдү - эң жогорку саандуу уйлар Чүй облусунда

2022-жылдын январь-август айында республика боюнча 1 миң 181 тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 24 миң тоннага, же болбосо 2%га көп. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Министрликтин берген маалыматына таянсак, сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалган. Жалпысынан республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 13.7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан 3.5 кг көбөйүшү менен байланыштуу.

“Эң жогорку саандуу уйлар Чүй облусунун чарбаларында байкалат, ал жерде 1 уйдан саалган орточо саан отчеттук мезгилде 1 миң 982 кг түзгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 4.2 кг көбүрөөк.

Өтө төмөн саандуу уйлар Баткен облусунун чарбаларында байкалат, ал жерде 1 уйдан саалган орточо саан отчеттук мезгилде 956 кг түзүп, бул көрсөткүч республиканын орточо көрсөткүчүнөн 389 кг төмөн болууда”, – дейт Айыл чарба министрлиги.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде