Россиядан уурдалган унаалар Бишкектен табылды
Бишкекте Россиянын аймагынан уурдалган унаалар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгына ыкчам маалымат келип түшкөн, анда Кыргызстан, Беларусь жана Тажикстандын уюшкан топ адамдары Россиянын аймагынан уурдалган кымбат баалуу унааларды сатуу максатында айдап кетип жатканы айтылган.
“Тергөө ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан 2020-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Тойота RAV4” үлгүсүндөгү кыргыз номурлуу унаа кармалган. Ошондой эле Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен 2021-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Хундай Санта-Фе” үлгүсүндөгү орус номурлуу эки унаа табылган”, – деп айтылат маалыматта.
“КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, кармалган унаалардын кузовунун номерлери колго жасоо ыкмасы менен өзгөртүлүп, идентификациялык номердин позициялык белгилери үзгүлтүккө учураган, ошондой эле даярдоочу завод тарабынан алгачкы жазылган кузов номерлери аныкталган.
Ошондой эле ИИМ иликтөөнүн жыйынтыгында белгиленген кузов номерлери Россиянын аймагынан уурдалып, издөөдө жүргөн унаа экени белгилүү болгонун, учурда РФ ИИИми менен биргеликте ушул сыяктуу фактыларды аныктоо үчүн зарыл болгон ыкчам-издөө жана комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

