Бөлтүрүк, Бекмурзаев, Бейшеналиев - Акылбек Жапаров алып келген министрлердин баары чекеден эле кармалып жатат - депутат

Бөлтүрүк, Бекмурзаев, Бейшеналиев - Акылбек Жапаров алып келген министрлердин баары чекеден эле кармалып жатат - депутат

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров алып келген министрлердин баары эле коррупцияга шектелип кармалып жатканын айтты.

Жыйында депутат бүгүн эле кармалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев тууралуу сөз кылып, бул мугалимдерге, окуучу балдарга терс таасир этерин жана эгерде министрдин орду керек болсо жарыялабастан купуя эле кылса болмоктугун айтты.

“Акылбек Жапаров алып келген министрлердин баары чекеден эле кармалып жатат. Америкадан алып келген Тенгиз Бөлтүрүк, Энергетика министри Доскул Бекмурзав, эми Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев да отурат”, – деди ал.

Эскерте кетсек, ИИМ министр Бейшеналиев өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган видеосун жарыялаган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде