Билим берүү жана илим министри ири суммада пара алып жаткан жеринен кармалды
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ички иштер министрлиги тарабынан кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media ИИМге шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка таянсак, Бейшеналиев өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган.
«Чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатат», — деп айтылат ИИМдин берген маалыматында.
Кылмыш ишинин тергөө жыйынтыгы боюнча кошумча толук маалымат берилет.