Бир айдын ичинде кыргызстандыктар депозиттик эсептеринен 1.4 млрд сом чыгарып алышкан
2022-жылдын август айынын акырына карата жеке адамдардын депозиттеринин жалпы көлөмү 113.7 млрд сомду түздү. Июль айына салыштырмалуу бул көлөм 1.4 млрд сомго азайган. Мындай маалыматты Улуттук банк берди.
Отчеттук айда кыргызстандыктар өз эсептеринен 1 млрд 400 млн сомдон ашык акчаны накталай чыгарып алышкан. Аманаттын көлөмү 56.3 млрд сомдон 54.9 млрд сомго кыскарган.
Мөөнөттүү депозиттер болсо 54.7 млрд сомдон 55.3 млрд сомго чейин болуп, оң динамикасын көрсөткөн.
Кыргызстандыктар эсептешүү эсебин 450 млн сомго гана толтурса, алардын көлөмү 3.5 млрд сомго гана жеткен.