Студенттердин жана россиялыктардын суроо-талабынан Бишкекте ижаралык батирлер 168 долларга кымбаттады

Студенттердин жана россиялыктардын суроо-талабынан Бишкекте ижаралык батирлер 168 долларга кымбаттады

Акыркы бир айда Бишкекте батирлердин орточо баасы 168 долларга өсүп, 866 долларды түздү, бул аталган рыноктогу абсолюттук рекорд. Бул тууралуу кечээ, 28-сентябрда Economist.kg сайтына house.kg сервисинин аналитикалык кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, 2022-жылдын сентябрь айында ижара акысынын ай сайын өсүшү 21%ды түздү. Талдоочулардын айтымында, өсүш эки факторго байланыштуу:

  • Турак жайга болгон суроо-талаптын жогорулашы студенттердин окуусунун башталышы менен байланыштуу. 2021-жылдын сентябрында ижара акысынын орточо баасы 609 долларды түзгөн, бул 2021-жылдын август айына салыштырмалуу 1.5 эсеге жана 2020-жылдын сентябрына караганда дээрлик 2 эсеге жогору, анткени ал кезде ижара акысы 320 долларды түзгөн.
  • Россиядагы жарыяланган мобилизацияга байланыштуу орус жарандарынын миграция толкуну. 21-сентябрдан бери жаңы сунуштардын орточо баасы айдын башындагы ушул эле мезгилге салыштырмалуу 135 долларга өстү. Ошондой эле, мурда жайгаштырылган жарыя ээлеринин 15%ы акыркы 7 күндүн ичинде ижара акысын орточо 162 долларга көбөйткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде