ИИМ ири өлчөмдө пара алып жаткан министрдин кармалган видеосун жарыялады
Кечээ, 28-сентябрда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. Бүгүн аталган департамент камакка алынган видеону жарыялады.
Эске салсак, ИИМ Бейшеналиевди чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада (110 миң доллар) пара алуу фактысы боюнча кармалганын билдирген болчу.