Кыргызстан кышка карата Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттойт

Кыргызстан кышка карата Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттойт

“Улуттук энергохолдинг” тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүп жатканын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

“Улуттук энергохолдинг” Кыргызстан күз-кыш мезгилин өтүү үчүн коңшу республикалардан электр энергиясын импорттоого Казакстан (450 млн кВтс көлөмдө), Түркмөнстан (1 002 млн кВтс көлөмдө) жана Өзбекстан менен (1300 млн кВтс көлөмүндө) келишим түзгөнүн жана азыркы учурда импорттолуп жатканын билдирди.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаардык ЖЭБине отун ресурстарын даярдоо боюнча иш-чаралар да жүрүүдө. Бишкек шаардык ЖЭБ үчүн 1050 миң тонна өлчөмүндө Кавак кенинен көмүрдү жеткирүү жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө 159.21 миң тонна жеткирилген. Азыркы учурда жеткирүү боюнча графикти кууп жетүү жана кошумча 400 миң тонна көмүр алуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Белгилей кетсек, бул жылдын 28-сентябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13.6 млрд м3 түздү, 2021-жылдын ушул мезгилине 12.3 млрд м3 түзгөн, өткөн жылга салыштырмалуу суу сактагычтын көлөмү 1.3 млрд м3 көбүрөөк.

“Бардык оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө, учурда күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча 90% иш аткарылды”, – дейт “Улуттук энергохолдинг”.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай