Президенттин агасы Сабыр Жапаровдун кызы президенттик администрацияда иштейт - Temirov LIVE
Temirov LIVE каналы президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарова президенттин администрациясына жумушка орношконун тастыктаган материалын жарыялады.
Аталган материалда үстүбүздөгү жылдын июль айында БУУнун өткөргөн семинарында президенттин администрациясынан жана минкабдан 50 өкүл катышканын жана сүрөттөгү чакырылгандардын ичинде Перизат Жапарова да болгону айтылат.