Apple корпорациясы Россияда иштеген бир канча кызматкерин Кыргызстанга көчүрдү
Apple корпорациясы Россияда иштеген кызматкерлерин Кыргызстанга жана Бириккен Араб Эмираттарына көчүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда «Ведомости» өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка таянсак, аталган корпорация бул көчүрүү иштерин 2022-жылдын жаз айларында эле баштаган жана жай айларынын аягында көчүрүп бүткөн.
Портал Apple компаниясынын бийлик менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Назим Турдумамбетовдун кыргызстандык экенин да белгилеген.