Биздин милдет - стартап ишканаларды колдоо, керектүү рынокторго чыгууга жардам берүү - Умбриэль Темиралиев

Биздин милдет - стартап ишканаларды колдоо, керектүү рынокторго чыгууга жардам берүү - Умбриэль Темиралиев

Кечээ, 29-сентябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев маалымат жыйынын өткөрүп, анда агенттиктин башчысы инвестицияларды тартуу пландары менен бөлүштү.

Улуттук агенттиктин жетекчилиги өлкөгө инвестицияларды тартуу жана аларды коргоо боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгып жатканын белгиледи.

Агенттик эки негизги багытта иш жүргүзөт:

  • Инвестициялоо процессин жеңилдетүү, инвесторлордун укуктарын коргоо бөлүгүндө мыйзамдарды жана ЧУАларды өркүндөтүү
  • Мамлекеттик долбоорлорго, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлоруна жана жеке секторго каражаттарды натыйжалуу тартуу үчүн өлкөнүн бизнес коомчулугу менен кызматташуу.

Темиралиев журналисттерге мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын максаттары, үзгүлтүксүз туристтик агымды көбөйтүү максатында туризмди өнүктүрүү потенциалы, экспорттук потенциалды жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, ведомствонун башчысы батир маселесин чечүү жана энергетикалык, жылуулук, суу ресурстарына жана инженердик тармактарга болгон жүктү азайтуу максатында спутник-шаарларын куруунун зарылдыгы жөнүндө айтты.

“Киреше жана өнүктүрүү боюнча натыйжалуу багыттарынын бири – айыл чарбасы болуп саналат. Биздин милдет – стартап ишканаларды колдоо, өндүрүш процесстери боюнча кеңеш берүү, аларга заманбап жабдууларды сатып алууга жана керектүү рынокторго чыгууга жардам берүү. Биринчи кезекте, чакан жана орто бизнести колдоо зарыл”, – деди ал.

Ушул себептен Улуттук агенттик башка мамлекеттик органдар менен биргеликте венчурдук жана гибриддик каржылоо үчүн механизмдерди, ошондой эле кластердик ассоциациялардын ишин түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев: "Пенсия келерки жылы калкка байкаларлыктай көбөйтүлөт"

А.Касымалиев: "Пенсия келерки жылы калкка байкаларлыктай көбөйтүлөт"

Пенсиянын реалдуу өсүшү Кыргызстандын өкмөтү үчүн маанилүү болуп саналарын жана бийлик пенсияларды индексациялоонун системалуу жана туруктуу моделин түзүүнүн үстүндө иш алып барып жатканын МинКабдын төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын жыйынтыгын жана өзүнүн кызматындагы биринчи жылды жыйынтыктап жатып билдирди. "Биз пенсиянын өлчөмүн инфляциянын деңгээлинен жогору көтөрөбүз, ошондо пенсиянын реалдуу өсүшү камсыз

Бишкекте №2 электробус каттамы иштей баштайт

Бишкекте №2 электробус каттамы иштей баштайт

19-декабрдан баштап Бишкек шаарында №2 троллейбус каттамынын ордуна жаңы №2 электробус каттамы иштей баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы маршрут Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна (Интергельпо көчөсү) чейин жүрөт. Электробустар мурда троллейбустар тейлеген жолду алмаштырып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жана заманбап транспорт менен кызмат көрсөтөт.

Ишкерлер үчүн маалымкаттарды, уруксаттарды алуу процесстери жеңилдетилет

Ишкерлер үчүн маалымкаттарды, уруксаттарды алуу процесстери жеңилдетилет

Кечээ Адылбек Касымалиев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде ишкерлер үчүн маалымкаттар менен уруксаттарды алуу процессин тездетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Касымалиев белгилегендей, буга чейин айдоочулар ар кандай маалымкаттарды чогултуп, эки-үч мамлекеттик органга кайрылууга мажбур болуп, бул процесс бир жумага чейин созулчу. Азыр 100 күндүн ичинде процесс санариптештирилип, электрондук

Кара-Сууда 105 млн сомго курулган жаңы мектеп жакында ачылат

Кара-Сууда 105 млн сомго курулган жаңы мектеп жакында ачылат

Кара-Суу районунун Кайрагач айылында жаңы мектептин курулушу толук аяктап, жакынкы күндөрү окуучуларга эшигин ачат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. 275 орунга ылайыкталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, долбоордун жалпы наркы 105 миллион сомду түздү. Жаңы мектеп төрт блоктон туруп, эки кабаттуу окуу имаратын, жыйындар залын