Кыргызстандан популярдуу өлкөлөргө каттамдар бир жылда 12%га арзандады

Кыргызстандан популярдуу өлкөлөргө каттамдар бир жылда 12%га арзандады

2022-жылдын күзүндө популярдуу туристтик багыттарга билеттер 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 12%га арзандады. Сентябрдын башындагы мындай маалыматтарды Aviasales порталынын аналитиктери беришти.

Алсак, жарыяланган “Кыргызстандагы саякатчылардын индексинде” 2021-жылы Россияга билеттердин орточо баасы 29.8 миң сом болсо, үстүбүздөгү жылдын ушул маалында 21 миң сомду түзгөн.

Кыргызстанды кызыктырган эң популярдуу өлкө – Түркияга баалар, тескерисинче, кымбаттады. 2021-жылдын күзүндө билеттер орточо эсеп менен 15 миң сом болсо, ал эми 2022-жылдын күз айларында 23.6 миң сомго көтөрүлгөн.

Кыргызстандыктар 2022-жылы күзгү саякаттарды пландаштырган ТОП-5 өлкөгө Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Түштүк Корея кирет.

Кошумчалай кетсек, индексте кыргызстандык саякатчылардын 42%ы авиабилеттер 20-30%га арзандашы керек деп эсептей турганы белгиленген. Сурамжылоого катышкандардын дээрлик төрттөн бири (24%) билеттер 50% арзандашы керек деп эсептешет. Ал эми респонденттердин 9% гана авиа билеттерге болгон баанын деңгээлин алгылыктуу деп белгилешкен.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде