Талас облусу быйыл 60 миң тонна төө бурчак жыйнады

Талас облусу быйыл 60 миң тонна төө бурчак жыйнады

Талас облусундагы төө бурчактын дүң жыйымы сентябрь айынын аягына карата 60.7 миң тоннаны түздү жана бул былтыркы жылдан 5.5 миң тоннага көп. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

2022-жылы жалпысынан Талас облусу боюнча 54.6 миң гектар жер аянтына төө буурчак айдалган. Азыркы учурда төө буурчакты жыйноо иштери жүрүп жатат.

“2022-жылдын 26-сентябрына карата Талас облусу боюнча төө буурчак жыйноо иштери 37.5 миң га аянтта жүргүзүлүп, жалпы аянтка карата 68.6% түздү. Орточо түшүмдүүлүк 16.2 ц/га болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1.4 ц/га көп”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда төө буурчактын сатып алуу баасы туруктуу. Бул тууралуу Талас облусунун Төө буурчак экспорттоочулар ассоциациясынын төрайымы Чолпон Нурманбетова билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы дыйкандар 20 миң тонна «Лопатка», 30 миң тонна “Томатный” сортунан, калган 5% «Красавчик» жана «Ребой» сортторун жыйнашты. Бүгүнкү күндө «Лопатка» сортундагы төө буурчактын сатып алуу баасы – 1 кг 100 сом, логистика жана чыгымдарды кошкондо 1 тоннасы 1550 АКШ долларын түзөт, ал эми «Томатный» сорту 65 сомдон алынууда. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл төө буурчактын баасы бир топ жогору экендиги айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев: "Пенсия келерки жылы калкка байкаларлыктай көбөйтүлөт"

А.Касымалиев: "Пенсия келерки жылы калкка байкаларлыктай көбөйтүлөт"

Пенсиянын реалдуу өсүшү Кыргызстандын өкмөтү үчүн маанилүү болуп саналарын жана бийлик пенсияларды индексациялоонун системалуу жана туруктуу моделин түзүүнүн үстүндө иш алып барып жатканын МинКабдын төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын жыйынтыгын жана өзүнүн кызматындагы биринчи жылды жыйынтыктап жатып билдирди. "Биз пенсиянын өлчөмүн инфляциянын деңгээлинен жогору көтөрөбүз, ошондо пенсиянын реалдуу өсүшү камсыз

Бишкекте №2 электробус каттамы иштей баштайт

Бишкекте №2 электробус каттамы иштей баштайт

19-декабрдан баштап Бишкек шаарында №2 троллейбус каттамынын ордуна жаңы №2 электробус каттамы иштей баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы маршрут Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна (Интергельпо көчөсү) чейин жүрөт. Электробустар мурда троллейбустар тейлеген жолду алмаштырып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жана заманбап транспорт менен кызмат көрсөтөт.

Ишкерлер үчүн маалымкаттарды, уруксаттарды алуу процесстери жеңилдетилет

Ишкерлер үчүн маалымкаттарды, уруксаттарды алуу процесстери жеңилдетилет

Кечээ Адылбек Касымалиев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде ишкерлер үчүн маалымкаттар менен уруксаттарды алуу процессин тездетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Касымалиев белгилегендей, буга чейин айдоочулар ар кандай маалымкаттарды чогултуп, эки-үч мамлекеттик органга кайрылууга мажбур болуп, бул процесс бир жумага чейин созулчу. Азыр 100 күндүн ичинде процесс санариптештирилип, электрондук

Кара-Сууда 105 млн сомго курулган жаңы мектеп жакында ачылат

Кара-Сууда 105 млн сомго курулган жаңы мектеп жакында ачылат

Кара-Суу районунун Кайрагач айылында жаңы мектептин курулушу толук аяктап, жакынкы күндөрү окуучуларга эшигин ачат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. 275 орунга ылайыкталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, долбоордун жалпы наркы 105 миллион сомду түздү. Жаңы мектеп төрт блоктон туруп, эки кабаттуу окуу имаратын, жыйындар залын