Салык кызматы: салык төлөбөй батир ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдириңиз
Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар КРнын салык мыйзамдарына ылайык, салык төлөөгө тийиш экендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.
Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот.
Ушуга байланыштуу МСК мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат.
“Ошондой эле бардык жарандарды салыкты төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдирүүнү чакырабыз. (0312)613189, (0779)613189 (Whatsapp) ишеним телефону аркылуу жана 116 номери боюнча, ошондой эле аймактык салык органдарына билдирүүгө болот”, – дейт Салык кызматы.
Салыкты төлөбөгөндүгү аныкталган учурда жеке жакка карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 8 айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33.9 млн сом өлчөмүндө салык төлөшкөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.8 млн сомго көп.