Тамчыга Россиядан эки чартердик аба каттамы ачылды

Тамчыга Россиядан эки чартердик аба каттамы ачылды

Ысык-Көлгө Россиянын эки шаарынан чартердик каттамдар ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

“Россиянын Nordwind Airlines авиакомпаниясы 2022-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлгө чартердик каттамдарды ачты. Учурда Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча аба каттамдар күн сайын – жумасына 7 жолу – аткарылууда“, – дейт «МЭА» ААК.

Айтылган авиакомпаниянын учактары Тамчыга Санкт-Петербург шаарынан да каттап жатышат. Санкт-Петербург – Тамчы – Санкт-Петербург багыты боюнча чартердик каттам жумасына бир жолу – жума күндөрү – аткарылып келүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

ИИМ жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алууну эскертет

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын калың жаагандыгына байланыштуу, жол тескөөчүлөр республика боюнча ири унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда жана кооптуу тилкелерде күнү-түнү кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салууда. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, жол тыгындарын жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында орган өкүлдөрү ыкчам ишчараларды көрүлүүдө. Жолдогу көйгөйлөрдү болтурбоо

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК массалык экономикалык аткезчиликке катышкандарды камакка алды

УКМК Ош облусунда Өзбекстан Республикасынын 15 жаранынан жана КРнын 10 жаранынан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишин токтотту. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, алардын коргоочусу болгон КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын эки кызматкерин, УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери да кармалды. Бул кылмыштуу топ Түркия Республикасынан кымбат баалуу дары-дармектерди жана зер

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү

2025-жылдын октябрь айынын соңунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы QR код аркылуу бажы төлөмдөрүн ишке ашырууну жолго салган. Анын максаты, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары банк кассасына көз каранды болбостон, каалаган убагында бажы төлөмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу болгон. Ага ылайык, акыркы 2 айдын ичинде (октябрдын аягы) QR код

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.